7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

АКШ Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти деп тааныйт

271

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 10-январда өткөн президенттик шайлоо тууралуу билдирүү жасады. Анда АКШ кыргыз элин куттуктагандыгы айтылат.


«Борбордук шайлоо комиссиясына COVID-19 пандемиясынын сыноолоруна карабастан, шайлоону жакшы деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз.


«АКШ Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланды деп тааныйт. Биз демократиялык институттарды чыңдоо, экономикалык өнүгүү, COVID-19 пандемиясына каршы биргелешип чара көрүү жана коррупция менен эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташууну жана эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн жаңы шайланган президент Жапаров менен иштешүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтөбүз», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

272