7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта Соцфонддун башчысы УКМКнын кызматкерине пара сунуштап жаткан жеринен кармалды

263

Талас районунда Соцфонддун башчысы пара берүү фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11-январында УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Талас райондук бөлүмүнүн башчысы Ы.И.С. кармалды.


«Талас ОИИБдин кызматкерлери тарабынан иш сапар чыгымдарына бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн Ы.И.С. УКМКнын кызматкерине 70 миң сом өлчөмүндө накталай акча сунуш кылган.Кармалган адам Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

264