Сузакта айылдашына бычак сайган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 30-декабрь күнү саат 14:00 чамасында Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө райондук ооруканадан 1983-ж.т. Т.Б. оң жак көкүрөгүнө учтуу нерседен жараат алып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы билдирилген.
Сузак РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге чыгышып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар чогултулган.
Бул факты боюнча топтолгон материалдар ошол эле күнү Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Аталган фактынын бетин ачуу максатында Сузак РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жабырлануучунун айылдашы, мурда бир нече жолу соттолгон, КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, “Пакыр Калла” каймана аттуу Сузак районунун 1975-ж.т. тургуну Б.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкаганда тергөө иштери уланууда.