Эл аралык Түрк академиясынын президенти, академик Дархан Кадырали Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынан билдиришти.
“Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгында кыргыз эли сизди колдогондой бир дагы саясий лидерди колдогон эмес. Демек, артыңызда улуу тарыхый жолду басып өткөн, алардын чексиз ишенимин, үмүтүн жана тилегин алып жүргөн калдайган эл, ошондой эле сиздин Ата-Журтуңуз турат. Жеңишиңиз менен куттуктайм! Сиздин президенттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалайбыз. Кыргызстанда дагы, ошондой эле түрк өлкөлөрүндө да эркиндиктин, эгемендүүлүктүн, күч-кубаттын жана боордоштуктун ыйык символу катары Кыргыз Республикасынын желеги ар дайым желбирей берсин», — деп айтылат Дархан Кадыралинин куттуктоо телеграммасында.