7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин иш кагаздарын кыскартты

1423

Билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылдын башынан тарта жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери тарабынан жүргүзүлгөн бир катар документтерди кыскартты.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматты билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 28-декабрындагы №1097 “Жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери тарабынан жүргүзүүгө (толтурууга) милдетүү болгон документтердин тизмесин бекитүү жөнүндө” буйругунда төмөнкү документтерди жүргүзүү милдеттүү эмес деп табылды:

1.Көчүрүү экзамендерине байланыштуу документтер (9, 11-класстардагы мамлекеттик аттестациялоонун документтеринен башкалары);

2.Мугалимдин портфолиосу;

3.Өзүн-өзү өнүктүрүү папкасы;

4.Аткарылган иштер боюнча фотоотчеттор;

5.Микроучасток боюнча балдардын маалыматтарын топтоо;

6.Аскер комиссариаты үчүн маалыматтарды, материалдарды жана бланктарды толтуруу;

7.Окуу кабинетинин паспорту;

8.Пландалбаган иш-чараларга, мааракелерди өткөрүүгө жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин ишмердиги менен байланышпаган иш-чараларга байланыштуу документтер.

Эске салсак, документтердин санын кыскартуу зарылчылыгы өлкөбүздүн педагогдорунан Билим берүү жана илим министрлигине келип түшкөн кайрылуулар менен байланыштуу. Анда мугалимдердин убактысынын көпчүлүгү ар түрдүү отчетторду, документтерди толтурууга кетип жатканы айтылган. Мындан улам мугалимдердин жеке профессионалдык өсүүсүнө, балдар менен иштөөгө убактылары болгон эмес.

Тиркелет:

  • КР ББИМдин буйругу (Приказ.pdf);
  • Жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери тарабынан жүргүзүүгө (толтурууга) милдетүү болгон документтердин тизмеси (1-тиркеме.pdf);
  • Документтердин типтүү формалары (2-тиркеме.pdf);

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1424