7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курал Чокоев «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинен ажыратылды

268

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Курал Чокоевдин коомчулуктун терс пикирин жараткан чуулгандуу автордук программасы боюнча талкуу жүргүзүп, бир катар чечимдерди кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, министрликтин 2011-жылдын 12-июнундагы буйругу менен Курал Чокоевге ыйгарылган «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин кайтарып алуу буйругуна кол коюлган.


Мындан тышкары министрликтин тиешелүү мекемелерине аталган ырчыларды мамлекеттик маданий иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

269