7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Медициналык академиянын студенттери экинчи семестрден баштап офлайн окуп баштайт

268

Жогорку окуу жайларынын акыркы курстагы студенттери жана медициналык академиянын баардык студенттери экинчи семестрден баштап офлайн окуп баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров маалымат жыйында билдирди.

«ЖОЖдордогу окууну офлайн форматка өткөрү үчүн эки алгоритм иштеп чыктык. Жогорку, орто жана, кесиптик окуу жайлар өздөрүнүн графигине жараша жазгы семестрди баштайт. Бирок акыркы курстар, магистранттар, медициналык окуу жайлардын студенттери офлайн форматта окушат. Алгоритмге ылайык санитардык нормаларды сактоо зарыл. Ал эми лекциялык сабактар аралыктан өткөрүлүп, гуманитардык багыттагы билим алган студенттер аралыктан окуйт. Ошондой эле чет өлкөлүк студенттер дагы аба жолдору ачылганга чейин онлайн окушат» — дейт Омуров.

Министрдин орун басары форматка өткөн окуу жайларда ковид катталса окуу кайрадан токтотуларын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

269