7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстандык өспүрүмдүн өлүмү. Лыжага ээ боло албай карагайды сүзүп алган

252

«Каприз» тоо-лыжа базасында каза болгон казакстандык өспүрүмдүн өлүмү аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, кечээ, 12-январда Ак-Суу РИИБдин нөөмөт кызматына «Каракол» тоо-лыжа базасынан телефон аркылуу билдирүү түшүп, анда жаш өспүрүм лыжа тээп баратып кулап, окуя болгон жерден каза болгондугу айтылган. Аталган факты райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу жиберилген.


Алгачкы жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, 3-январда Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарынын 35 жаштагы тургуну, өзүнүн 13 жашар баласы И.С. менен Чүй облусунун Токмок шаарында жашаган аталаш бир тууганына мейманга келгендиги аныкталган.


10-январда аталаш бир тууганы үй-бүлөөсү жана карындашынын баласы И.С. менен Каракол шаарына келишип, мейманкананын бирине жайгашып, маал-маалы менен «Каприз» тоо-лыжа базасына барышып эс алышып жүрүшкөн.


12-январь күнү болжол менен саат 13.00 чамаларында жаш өспүрүм И.С. тоо-лыжа базасында эс алуу учурунда, 3040 метр бийиктикке көтөрүлүп, тоонун батыш трассасынын жолу менен ылдый түшкөн. Болжол менен 2700 бийиктикте трассанын батыштан чыгышка бурулган жерден, лыжа тээп түшүп бара жаткан жаш өспүрүм бурула албай калып, өсүп жаткан чоӊ карагайды сүзүп алып, алган жаракаттарынан улам, окуя болгон жерден каза болгондугу аныкталган.

Соттук-медициналык эксперттин катышуусу менен жансыз жаш өспүрүмдүн денесин сырттан кароо учурунда, оӊ буту жана мойну сынганы аныкталды. Жаш өспүрүмдүн өлүмүнүн жагдайын толук аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизасы дайындалып, тергөө амалдары уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

253