
Учурда айрым мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар жана калк, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында келишимдик негизде окуу акысынын өлчөмүн төмөндөтүү зарылдыгы жөнүндө маселе көтөрүп жатышат.
Буга байланыштуу, бүгүн 13-январда Билим берүү жана илим министрлиги маалымат жыйынын өткөздү.
Аталган мекеменин өкүлдөрү окуу акысын азайтуу мүмкүн эмес деп эсептейт. Анткени жогорку окуу жайларда сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу үчүн кызматкерлерге эмгек акы төлөө зарылдыгын айтышты.
«Университеттин 14 миң окутуучусу көбүнчө пандемия учурунда үй-бүлөлөрдүн жалгыз багуучусу болуп саналат.Окутуунун наркын төмөндөтүү чечими билим берүү процессин үзгүлтүккө учуратуу тобокелдигине ээ»-деп билдирет министирликтин басма сөз кызматы.
Ал эми, бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратованын айтымында аралыктан окутуу учурунда тескерисинче жогорку окуу жайлар санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо үчүн чыгашаларга дуушар болгон.