
Бийчи Атай Өмүрзаков ырчылар Курал Чокоев жана Кайрат Примбердиевдердин наамынан ажыратууга болгон пикири менен жеке баракчасында бөлуштүү.
«Ким эмнени кааласа, ошону ойлоп табат. Эмненин туура же жаман экенине баа берүү меники эмес. Мен биздин бийликтин мындай реакциясын гана сындап жатам. Пайдасыз наамды берип, анан эл алдына алып койгон негизсиз. Мен шоуну көрө элекмин жана колдобойм. Авторлор өздөрү кечирим сурап, долбоорду жаап салышкан. Ал эми, Кайрат менен Курал таланттуу адамдар жана андайлар саналуу гана. Ушундай кырдаалдан улам алар өлкөбүздөн чыгып кетишинен корком»-деп жазат Өмүрзаков.