7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шарль Мишелдин расмий сапарынын алкагында маданий программа өткөрүлдү

657

Бүгүн, 3-июнда Ысык-Көл облусунда президент Садыр Жапаровдун атынан Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында маданий программа уюштурулду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, программа анын кыргыз элинин улуттук маданиятына, каада-салттарына жана үрп-адаттарына болгон кызыгуусунан улам уюштурулду.

Этно-комплексте делегация башчыларын «Алптар» аттуу баатырлар жана “Аталар изи” улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты.

Коноктор кол өнөрчүлөр аллеясында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты, ички жасалгасы менен боз үйлөрдө кыргыз элинин улуттук каада-салттары көрсөтүлдү, манасчылар «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтышты, ырчылар жана инструменталисттер өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Ошондой эле делегация башчыларына салттуу аңчылыктын элементтери бар «салбуурун», «кыз куумай» этномаданий оюндары көрсөтүлүп, Ч. Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбль тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

658