7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эльвира Сурабалдиева: Аярлуу категориядагы жарандарга өзгөчө көңүл бурууну өтүнөм

240

Пандемия учурунда калктын аяр катмарын колдоого алуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу республикалык штабдын жыйынындагы конференцияга таянып өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.


Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева калктын аяр катмарына жөлөкпул чегерүү жана башка социалдык көмөк көрсөтүү боюнча жарандардан келип түшкөн кайрылууларына байланыштуу жергиликтүү бийлик огандарынын жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишин күчтөндүрүү тапшырмасын берди.


«Жарандардан жер-жерлердеги социалдык көмөк алуунун кыйынчылыктары, анын ичинде жашаган жери боюнча каттоосунун жоктугу боюнча кыйынчылыктар жаралып жаткандыгы тууралуу нааразычылыктар келип түшүүдө. Калктын аяр катмарына тейлөө көрсөтүүнүн тийиштүү деңгээлин камсыздоо зарыл. Бир дагы кайрылуу социалдык кызматтардын көңүлүлүнөн тыш калбашы зарыл. Мен аярлуу категориядагы жарандарга өзгөчө көңүл бурулушун жана алардын маселесин чеүүгө ар тараптан көмөк көрсөтүлүшүн өтүнөм», — деди ал.
Штаб кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

241