7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КР гербине 27 жыл. Гербдеги ак шумкарбы же бүркүтпү? Кызыктуу фактылар…

460

Бүгүн Кыргыз Республикасынын герби 27 жашка толду. Мындан туура 27 жыл мурда 1994-жылы 14-январь күнү Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрүнүн токтому менен көз карандысыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик белгиси-Мамлекеттик герби кабыл алынган.


Гербдин негизги авторлорунун бири – отставкадагы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев мамлекеттик белгинин түзүлүшү жана кабыл алынышы тууралуу айтып берди.

«Көптөгөн жарандардын оюна “Кантип милиционер көркөм чыгарма тартышы мүмкүн?” деген ой келет. Албетте, мен чыныгы дасыккан сүрөтчү эмесмин, сүрөтчүсү Нарын балдар сүрөт мектебинин директору Асейин Абдраев болгон. Мен өзүмдүн эмгегим катары мамлекеттик белгини түзүүнү демилгелегенимди эсептейм, сүрөтчүнү чыгармачылыкка үгүттөп, ал тараптан түзүлгөн эскиздик долбоорду оңдоп жана өзгөртүүлөрдү киргизип, сүрөтчүнү идеялар менен дем берип, өз убагында Парламенттин депутаттарына жана конкурстук коммиссияга барып, алардын ой-пикирин угуп, алардын идеяларын сүрөтчүгө жеткирип жүргөм. Биздин бирдиктүү ишибиздин натыйжасында гана биз күткөн жыйынтыктарга жеттик деп ойлойм», — дейт ал.

  1. Мамлекеттик герб боюнча комиссияга “Легендарлуу парламенттин” 21 депутаты кирген;
  2. Комиссиянын төрагасы белгилүү жазуучу Казат Акматов болгон;
  3. Кыргыз Республикасынын Туусу Жогорку Кеңеш тарабынан 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган;
  4. Гербти талкулоо 2 жылга созулуп, 1994-жылы 14-январда кабыл алынган.
  5. Жалпы 2 миң 234 гербдин эскизи сунушталган;
  6. Карапайым адамдар өздөрүнүн жазуу түрүндөгү сунуштарын калтырууга мүмкүнчүлүк алышкан;
  7. Конкурстук комиссия 5 эскиздин ичинен азыркы гербтин эскизин тандап алган;

Алгач негизги көркөм компонент катары бүркүт түшүрүлгөн (Колунда найза кармаган бүркүт. Боз үйдүн түндүгүн же көөкөр (кымыз үчүн териден жасалган буюм) кармаган бүркүт);

Бирок, Ат-Башы жана Кочкор районунун аксакалдары эскиздик долбоорду көрүп, түндүк гербдин композициясынын астыңкы бөлүгүндө болбошу керектигин байкашып, аны үстүнө жайгаштыруу керектигин билдиришип, эл арасында “түндүгүң түшкүр” деген урушуу сөзү бар экендигин, ал эми бүркүт менен найза биздин композицияга агрессияны берээрин айтышкан.

Тынчтыкты сүйгөн бүркүттү тартууга аракет кылуу менен биз ак шумкарды тартууну чечкенбиз. Өзүбүз ойлонбостон эле “Легендарлуу Манас атанын Ак-шумкарын” тартканыбызды кийин түшүнгөнбүз. Шумкардын артында улуу тоолорубуз “Ала-Тоо” тартылган, көлдүн жээгинде өскөнүмө байланыштуу сүрөттө Ысык-Көлдү тартууну айткам.

Садырбек Дубанаев


Сүрөтчү эскизде ар убак “Кыргызстан” жазууну тарта бергендиктен 1993-жылы кабыл алынган Конституцияны көрсөтүп, “Кыргыз Республикасы” жазуусуна өзгөртүүгө Асейин макул болгон.


1992-жылы бир нече олуттуу эскиздердин долбоорлору иштелип чыгып, “Легендарлуу парламенттин” депутаттарына сыноого алып барган учурда сүрөттө Манастын шумкарын көрүшүп, таң калышкан. Алар бир гана тоолордун үстүндөгү мусулмандардын белгилерин жактырган эмес жана кыргыз гербинде биздин жерди жылыта турган тоодон чыгып келе жаткан алтын желелүү күндү көргүлөрү келип, тартылган тоолор менен көл сынга кабылып, тоолор жасалма болгондой көрүнүп калгандыгын жана айсбергге окшоштугун, ал эми көлдүн түсү биздин көлгө окшошпой калдыгын билдиришкен.


“Легендарлуу парламенттин” сыйлуу депутаттары Ош облусу боюнча өкүлдөрүнөн Айкөкүл Мырзаканова, Азим Карашев, Эркинбай Кочкоров жана башкалардын пикирлери боюнча эскизде республиканын түштүгүнүн колорити көрсөтүлгөн эмес. Бул боюнча Кыргыз ССРнин гербинде пахта менен буудай тартылгандыгын эске алуу менен республиканын түштүк аймагын көрсөткөн пахтаны тартууну чечими келип чыккан. Көптөгөн талкуу, сын-пикирлерден өткөн соң “Нур-19” варианты беш мыктылардын ичинде комиссия тарабынан бекитилип, парламенттин 350 депутатынан 284 добуш менен жеңип чыккан.


Гербдин авторлору Асейин Абдраев менен Садырбек Дубанаев экөөбүз гана эмеспиз. Гербдин авторлору деп Кыргызстандын бүт элин атасак болот.


Раматылык сүрөтчү Асейин Абдраев менен мени көп жылдык достук байланыштырып, менин урматыма 1994-жылы төрөлгөн баласына Нурген аттуу ысым коюп, “НУР” белгиси менен Жогорку кеңештин сунушу менен Президент тарабынан ыйгарылган жогорку генералдык наамдан кыскартылган “ГЕН” ди кошкон.


Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербде канатын жайган Манас атабыздын ак шумкарынын сүрөтүнөн, Ысык-Көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо кыркаларынан жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин эки капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн турат.


Герб 4 негизги элементтен турат-Ала-Тоо, Ысык-Көл, Ак-Шумкар жана буудай менен пахтанын сабы менен башынан турат…


Өткөн жылы Жогорку Кеңештин депутаттарына Кыргыз Республикасынын Гербинде кандай сүрөттөр тартылган деген суроо берилип, тилекке каршы алардын ичинен көбү адашып Манас атанын Ак шумкарын-бүркүт деп алмаштырып алышкан. Көп адамдар “биздин бүркүт арык деп айтышат”, бирок гербде бүркүт эмес шумкар тартылганын унутуп калышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

461