7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда мектептер кайрадан онлайн окутулушу мүмкүн. Кайсы учурда?

291

Эгерде Кыргызстанда жаңы COVID-19 штаммы пайда болуп, жайылып кетсе, мектептер кайрадан онлайн режиминде билим алууга кайтып келишет. Бул маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.


Жаңы штаммдын пайда болгондугу жөнүндө Саламаттыкты сактоо министрлиги менен республикалык штаб маалымат берерин белгилешти. «Алар бул тууралуу коомго маалымат беришет» деп билдирди басма сөз кызматы.


Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, Кыргызстанда коронавирустун мутацияланган штамдары азырынча жок.


Коронавирустун COVID-19 жаңы түрү Улуу Британиянын ар кайсы аймактарында табылды, ал 70% көбүрөөк жугуштуу, бирок анын өлүмгө алып келээри жөнүндө азырынча эч кандай далил жок.

Кыргызстанда жалпы билим берүүчү мектептердин, жогорку окуу жайлардын жана бала бакчалардын иши акырындык менен жандана баштады. Ошентип, 18-январда Бишкектеги мектептер 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары үчүн ачылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

292