7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

57 млн сомдук зыян. «Инфокомдун» бөлүм башчысы кармалды

712

Жабдыктарды кымбат баада сатып алуу фактысы боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Мамлекеттик каттоо кызматына (азыркы СӨМ) жабдыктарды жогорулатылган баада сатып алуу фактысы аныкталды.

«Тендердин кээ бир катышуучулары менен сүйлөшүп, IT-жабдыктарды кымбат баада сатып алган. Ал эми алардын кээ бирлери иш жүзүндө сатып алынбай жасалма түрдө алынды кылган СӨМдүн алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы кармалды. Тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала келтирилген чыгым 57 миллион сомго жакын. Далилдердин негизинде “Т.Э.Б.” Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди»- деп берилет маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

713