7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Кыргыз тарыхыбыз менен байланыштуу илимде оор жоготуу болду»

714

Дүйнөлүк тарых илиминде, айрыкча биздин кыргыз тарыхыбыз менен байланыштуу илимде оор жоготуу болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

«Улуу Кыргыз каганаты түзүлгөн Эне-Сай доорун, Тянь-Шань кыргыздары менен Эне-Cай кыргыздарын өзөгү кандай байланышарын изилдеп, тактап берген хакас элинин атактуу түрколог-окумуштуусу Виктор Бутанаевдин дүйнөдөн кайтканын терең кайгыруу менен кабыл алдым. Түрк элдеринин этнографиясын изилдеген окумуштуу кезинде Кыргыз каганаты өзүнчө бир империяга айланып, чоң аймакты ээлеп тургандыгын, белгилүү бир мезгилдерден кийин ал империя урап, калктын бир бөлүгү Тянь-Шанда калса, бир бөлүгү Эне-Сайга көчкөнүн, мына ошентип Тянь-Шань кыргыздары менен Түштүк Сибирь эли бир тууган эл экенин айныксыз тарыхый фактылар менен таасын далилдеп берген дулдул окумуштуу эле! Ал айрыкча кыргыз элинин тарых-таржымалынын такталышына эбегейсиз салым кошкон инсан эле. Анын изилдеген илимий эмгектери биздин тарыхыбыз тууралуу ар кандай бүдөмүк пикирлерди четке сүрүп, улуу кыргыз эли учурунда улуу дөөлөт курганын дагы бир жолу тастыктап берген. Маркум Виктор Бутанаевдин кыргыз таанууга кошкон өлчөөсүз эмгегин баалаган кыргыз бийлиги аны учурунда «Даңк» медалы, III даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаган. Ал эми айрым университеттер ага «ардактуу профессор» наамын ыйгарган. Кыргызга, кыргыз тарыхына салым кошкон бир тууганыбыздын үй-бүлөсүнө, жакындарына, бир боор хакас элине жана жалпы эле Россиянын илимий чөйрөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кош болуңуз, улуу окумуштуу! Жаткан жериңиз жайлуу болсун!»- деди Жапаров.

7-каналдын жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

715