7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бала багып алган үй-бүлөлөргө 18 миң 757 сом төлөнөт

218

Бала багып алган үй-бүлөлөргө 18 миң 757 сом төлөнөт. Бул тууралуу маалымат жыйында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова билдирди.
Анын айтымында,»турмуштук оор кырдаалдагы балага үй-бүлө» аттуу жаңы жобо иштелип чыкты.


«Ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын үй-бүлөдө тарбияны албай калгандыгы балдардын өнүгүүсүнө терс таасир берет. Бул учурда мамлекет баланы үй-бүлөлүк чөйрөдө тарбиялоо боюнча камсыз кылуу үчүн балага альтернатива түзүп берүүгө милдеттүү. Багып алуучу ата-эненин жашы 35 жаштан 65 жашка чейин болушу керек. Багып алуучу менен асырап алуучу үй-бүлөнүн ортосунда айырма бар. Асырап алган үй-бүлө менен баланын ортосунда туугандык, укуктук байланыш түзүлөт. Алар балага өзүнүн аты-жөнүн берет.Ал эми багып алуучу үй-бүлөгө бала убактылуу тарбияланууга келет», — дейт ал.

Министрдин маалыматында, учурда өлкө боюнча 44 үй-бүлөдө 72 бала тарбияланып жатат.


«Алардын эмгек акысы келишимге кол койгон убакыттан баштап төлөнө баштайт. Мисалы, азыркы күндө жашоо минимуму 6 миң 237 сом болсо, анын бир жарымын алганда бир балага 9 миң 355 сом болот. Ал эми балага кете турган каржы 9 миң 402 сом болот. Ошондо бир баланы багып алган үй-бүлөгө балага кеткен каражат жана айлыгын кошкондо 18 миң 757 сомду түзөт. Эгер дагы бала кошулса айлыгы дагы кошула берет. Багып алуучуларга 5 балага чейин багууга уруксат берилет» , — дейт Алиса Солтонбекова.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

219