7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Шоира Жулдибоевага Бишкектен батир алууга жардам берет

1071

Бүгүн, 6-июнда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышуу учурунда жол кырсыктан алган жаракатынан улам майып болуп калган Баткен облусунун тургуну, 3 баласы менен дарыланып жаткан Жулдибоева Шоира Тухтаевна менен жеке жолугушуу өткөрдү.

Дарыгерлердин сунушу менен Жулдибоева жана анын кыздары Бишкектен дарылануусу зарыл. Ал эми балдар психологиялык жактан жабыркап, Баткен облусуна үйлөрүнө кайтып баргылары келбейт.

Өз кезегинде Ташиев Бишкек шаарынан жеке турак-жай алууга көмөк көрсөтүүгө убада берип, ошондой эле дарыланууга материалдык жардам көрсөттү.

Эскерте кетсек, кырсыкка кабылган автоунаада 24 адам болгон. Алардын 12си алган жаракатынан улам каза болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1072