«Nur Otan» партиясынын саясий бюросунун Алматы шаарындагы филиалынын кеңеши бекиткен маслихаттын 29 депутатынын ичинде 21 жаштагы шахматчы кыз Жансая Абдумалик бар. Бул тууралуу маалыматты Казакстандын жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эми аны аймактык шайлоо комиссиясы катташы керек. Жансая Абдумалик эки күн мурда, 12-декабрда, 21ге толгон.
Социалдык тармактарда бул көрүнүш активдүү талкууланып жатат.