Прокуратура Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинде мамлекетке 7 млн. 290 миң 366 сомдук зыян келтирилгендигин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтына жарыяланган.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинде жүргүзүлгөн текшерүүдө, аталган ведомствонун жооптуу кызмат адамдары тарабынан 2018-2020-жылдары курчап турган чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптары бузулуп, жеке жана юридикалык жактарга дары өсүмдүктөрүн терүү үчүн уруксат кагаздарын берүүдө мыйзам менен белгиленген төлөө акылары толук ченемде өндүрүлбөй, аталган өсүмдүктөр чет өлкөлөргө чыгарылып кеткендиги аныкталган.
Натыйжада, Агенттиктин кызмат адамдарынын мыйзамсыз кыймыл-аракеттеринен улам мамлекетке 7 миллион 290 миң 366 сом зыян келтирилген.
2021-жылдын 4-январында Башкы прокуратура тарабынан текшерүү материалдары Кыргыз Республикасынын ЖКнын 320-бер. 2-б (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.