7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмок шаарында «Мерседес» үлгүсүндөгү 2 унаа кагышып, 2 адамдын өмүрүн алды

309

Кечээ, 14-январь күнү Токмок шаарында «Мерседес» үлгүсүндөгү 2 унаа кагышып, 2 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык саат 13:30 чамасында Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 73-чакырымында болгон. Аталган тилкеде «Мерседес-Бенц Е220» үлгүсүндөгү унаа менен «Мерседес-Бенц S600» үлгүсүндөгү унаасы кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши (1981-жылы туулган) жана 1 аял киши (1986-жылы туулган) каза болуп, 1 эркек киши (1983-жылы туулган) жабыркады. ӨКМдин куткаруучулары каза болгон адамдарды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Буга чейин Чүй облустук ЖКККБ кырсык болгонун тастыктап, кырсык боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканын билдирген болчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

310