7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Тазалык» ишканасында иштеген аялга кол көтөргөн шектүүгө чара көрүлүүдө

201

Тазалык ишканасында иштеген аялга кол көтөргөн шектүү кармалып, тергөөгө камсыздалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 24-декабрында саат 04.30 чамада Жалал-Абад шаарынын Ж.Бакиев көчөсүндө Тазалык ишканасынын жумушчусу М.Хакимованы белгисиз азиат улутундагы 25-30 жаштардагы бала уруп, окуя болгон жерден качып кеткен.


Бул факты боюнча топтолгон материал (жабырлануучу арыз жазган) Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне катталып, КРнын Жазык кодексинин 266-беренесиинин (Ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.


Шектүүнү аныктап тергөөгө камсыздоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында аталган окуяга шектүү катары Сузак районунун К.У. аттуу 30 жаштагы тургуну аныкталып, 2021-жылдын 15-январь күнү тергөөгө камсыздалган.


Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу шектүүнү таанып, аны К.У. уруп денесине жараат келтиргендигин көрсөткөн. Бирок учурда ага карата доо-арызы жоктугун билдирип, тосмо арызын жазып берген.


Азыркы учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

202