Кызыл-Кыяда сарайдан өрт чыгып, 4 тонна тоют чөбү өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Баткендеги аймактын кабарчы маалымдады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-январда саат 15:42де Кызыл-Кыя шаарынын Октябрьская көчөсүндө жашаган А.Калыковго таандык короосунда мал-короо өрттөнгөндүгү боюнча кабар түшкөн.
«Өрткө №62 ӨККБнөн 1 бөлүм 3 өрт өчүрүүчү куткаруучу саат 15:43дө тартылып, 17:32де өрт толугу менен өчүрүлгөн. Жалпы өрттүн аянты 50 чарчы метирди түзгөн. Чыгым 4 тонна тою чөбү, 7 даана тоок», — деп берилет маалыматта.
