Полиция кызматкерлери 5 айдан бери издөөдө жүргөн Лебединовканын 18 жашар тургунун тапты. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Аламүдүн районунун Ички иштер башкармалыгы 2020-жылы 30-августунда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Айдана Зоотпекованы издеп жаткандыгы маалымдаган.
Милициянын маалыматы боюнча, Айдана Зоотпекова туугандарыныкында жашап жаткандыгы аныкталган.