7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тогуз-Тородо өзгөчө кырдаал жарыяланды

1104

Тогуз-Торо районуна III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын дарыясында суунун көлөмү көтөрүлүп Тогуз-Торо районуна караштуу АБЗ тилкесин суу жеп, Ынтымак конушунда жайгашкан 200 кожолукка жана 16 гектар айдоо жерине, Аэропорттун учуу конуу тилкесин суу жеп кетүү коркунучу пайда болгон.

Мындан улам штабдык олтурум өтүп, Тогуз-Торо районуна 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Жеринде Нарын дарыясынын белгиленген тилкесинде суунун нугун буруу иштери жүрүүдө.

ӨКМден жана жарандык коргонуу кызматынан тиешелүү оор техникалар тартылып, алар күйүүчү май менен камсыздалды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1105