7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузак районунун тургуну тышкы карызды кутулуу үчүн 10 миллион сом которду

266

Сузак районунун тургуну тышкы карызды кутулуу үчүн 10 миллион сом которду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.


Маалыматка ылайык, 26 жаштагы ишкер алгач Сузак районуна бала бакча салып берүүнү пландаган. Бирок өлкөнүн тышкы карызы жөнүндө сөз болуп жаткандыктан карызды төлөөгө көмөк көрсөтүүнү туура көргөн.


«Атам, үй-бүлөбүз менен кеңешип карызды төлөөгө өз салымыбызды кошууну туура көрдүк. Мамлекеттин келечеги жалпыбыздын келечегибиз. Мындай абалда баарыбыз колдон келишинче өкмөттү колдоп, кубаттоо керек деп ойлойм. Менден башка да колунан келгендер көмөктөшөт деп ишенем. Ашып кеткен байлыгыбыз жок. Бала бакча салуу үчүн топтогон каражатты атайын эсепке котордук. Буюрса бакчага болгон муктаждыктар да чечилет. Адегенде мамлекеттин тышкы карызынан кутулуусу керек деген ойдомун», — дейт Умар Мухаммедов.
Маалым болгондой, бул ишкердин үй-бүлөсү ар ай сайын мүмкүнчүлүгү чектелген жана колдоого муктаж болгон 150 жаранга азык-түлүк таратып келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

267