7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Саламаттыкты сактоого медициналык камсыздандыруу фонду 179 млн 631 миң 800 сом бөлгөн

270

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду COVID-19 илдетине каршы күрөшүүдө кызмат кылган медициналык кызматкерлер үчүн саламаттык сактоо уюмдарына 179 миллион 631 миң 800 сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм каржылаган. Бул тууралуу Фонддун басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, өткөн жылдын декабрь айында бул ишке 2 миң 192 дарыгер тартылып, компенсациялык төлөмдөрдүн суммасы 52 миллион 847 миң 585 сомду түзгөн. Тартылган орто персоналдардын саны 3 миң 949 адамды түздү, компенсациянын суммасы 72 миллион 413 миң 54 сомду түзгөн. Кенже жана башка кызматкерлерге 3 миң 552 адам тартылып, компенсациянын суммасы 54 миллион 371 миң 161 сомду түзгөн.


Компенсациялык төлөмдөр ММК фонду тарабынан ар бир саламаттыкты сактоо уюму жүргүзгөн эсептөөлөрдүн негизинде жүргүзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

271