7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында айт намазга 10 миңге жакын адам келди

694

Ош шаарынын борбордук аянтында бүгүн 10 миңге жакын адамдын катышуусунда Курман айт намазы окулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Ыйык Курман айт майрамына карата окулган намазга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Кушбак Шайиев, дин өкүлдөрү, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар жана шаар тургундары катышты.

Калаа башчысы өз сөзүндө жалпы элди ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап, Курман айт – биримдик, боорукердик, кайрымдуулук сыяктуу адамзаттын руханий баалуулуктарын даңазалаган мусулман элинин ыйык майрамы экенин белгиледи.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

695