7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ош Электронун» мурдагы башчысы 1 млн сом пара талап кылгандыгы үчүн кармалды

401

1 миллион сом өлчөмүндө пара талап кылууга шектелип «Ош Электронун» мурдагы башчысы Даминов Д.И. кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, «Б» ЖАКтын өкүлдөрү утуп алган тендерде буга чейин аткарган иштери үчүн 6 миллион сомго жакын сумманы төлөп берүү талабы менен «Ош Электро» ААКга кайрылган. Мындан улам, «Ош Электро» ААКнын мурдагы директору Даминов Д.И пара иретинде жеке банктык эсебине 1 миллион сом которуу талабын койгон.


Бул факты Жазык кодексинин 326- беренесинин (пара талап кылуу) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.


Учурда шектүү Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

402