7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Катуу ысыктан эки адам каза болду

1068

Испанияда катуу ысыктан улам эки адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү “El Diario” гезити жазып чыккан.

Маалыматка ылайык, Андалусия автономиясында 47 жаштагы фермер талаада иштеп жатып ысыктан улам каза болгон. Кастилия-Ла-Манча чөлкөмүндө 46 жаштагы киши ушул эле себеп менен көз жумган.

Ошондой эле катуу ысыктан улам Экстремадура автономиялуу аймагында эки адам ооруканага жаткырылган.

Буга чейин, Испаниянын бир катар провинцияларында 44 градус ысык болот деген эскертүү жарыяланган. Мамлекеттик метеорология агенттиги өлкөнүн көпчүлүк аймактарында «сары» (кооптуу) жана «кызгылт сары» (жогорку деңгээлде кооптуу) даражаларды белгилеген.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын жай мезгилинде Испанияда ысыктан улам каза болгондордун саны 2600дөн ашкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1069