Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө Асман экологиялык таза шаарынын курулушуна капсула салды.
Шаардын долбоорун даярдоого 1,5-2 жылдай убакыт кеткен. Ал шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашай тургандыгы пландалууда. Аянты 4 миң гектарды түзөт.
Тыштан келген инверсторлор сала турган Асман эко-шаарында алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулат. Заманбап Асман экологиялык таза шаарын 7-10 жылда куруп бүткөрүү пландалууда.