7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров «Асман» деген аталыш кандай тандалганын айтты

560

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көлдө Асман шаарынын курулушуна капсула салды. Анын алдында сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы акылдуу шаар эмне себептен Асман деп аталып калгандыгына токтолду.

«Асман орусчага небо, англисчеге скай (sky) деп которулат эмеспи. Биз дагы өз дараметине ишенүү менен жаңы-жаңы бийиктиктерге умтулуунун, алдыга чоң-чоң максаттарды коюп, аларды иш жүзүнө ашыруунун символу болуп калсын деп жакшыга жоруп, аруу тилек кылып, ушундай ысым ыйгарып жатабыз», — деди президент. Ал келечекте Асман шаары ар бир позитивдүү адамдын өз бийиктигин таба алган, ой-кыялдарын орундата алган керемет жайына айланарын кошумчалады.

«Албетте, шаар куруу, айрыкча, акылдуу шаар куруу – бул өтө тыкыр пландоону, эксперттик жана координациялык аспектилерди талап кылган абдан татаал технологиялык процесс. Мында айлана-чөйрөгө зыяны тийбегендей материалдар менен технологияларды колдонуу, энергиянын кайра жаралуу булактарын интеграциялоо, таштандыларды чыгаруунун туруктуу системасын камсыз кылуу, ландшафттык пландоодо мыкты дизайн иштеп чыгуу жана башка бир топ экологиялык, инновациялык маселелер эске алынышы кажет. Ооба, ошону менен катар эле толук кандуу шаар куруу убакытты, ресурсту жана күч-аракетти талап кылаары түшүнүктүү эле жагдай. Ошондуктан Асман шаары керектөөлөр жана мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен ырааттуу түрдө калыптанат», — деп кошумчалады өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

561