7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Инаугурацияны уюштуруу комитети жаңы сценарийин карап чыкты

310

Инаугурацияны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети аземдин жаңы сценарийин карап чыкты.

Президенттин Аппаратынын Жетекчиси — Мамлекет башчысынын кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 22-январда, өлкө Президентинин милдетин аткаруучунун 2021-жылдын 20-январындагы Жарлыгы менен түзүлгөн уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.


Жыйында ал иш-чарага даярдык көрүүгө байланыштуу учурдагы уюштуруу маселелерине токтолду.


Жыйындын катышуучулары инаугурация аземин даярдоо боюнча тиешелүү иш-чаралардын программасынын долбооруна бир катар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизишти.


Ошондой эле, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана жарандардын коомдук коопсуздугу үчүн бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды камсыз кылуу милдеттери коюлду.


Жыйындын жыйынтыгында уюштуруу комитетинин мүчөлөрү түзөтүүлөрдү эске алуу менен инаугурация аземин даярдоо боюнча тиешелүү иш-чаралардын программасын жактырышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

311