7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Кадастрдын” Токмок-Чүйдөгү жооптуу кызматкерлери кармалды

779

УКМК тарабынан Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Токмок-Чүй филиалынын айрым кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Алар жоопкерчилиги чектелген коомдордун бирине таандык болгон 1330 чарчы метр турак жай эмес мүлктү жана 0,75 га жер тилкесин жеке баюу максатында Н.М.И. аттуу КР жаранына мыйзамсыз катташкан.

Аталган факты боюнча аталган мамлекеттик мекеменин Токмок-Чүй филиалынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголуп, шектүүлөр УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

780