Жалал-Абад милициясы супермаркеттин алдындагы ызы-чуунун катышуучуларын аныктады.
«Окуяга катыштыгы бар Жалал-Абад шаарынын 21 жаштагы 4 тургуну милиция бөлүмүнө жеткирилди. Учурда окуянын калган катышуучуларын аныктоо иштери жүрүп жатат»,- деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБден.
Эскерте кетсек, 2-июль күнү саат 20:20 чамасында Жалал-Абад шаарындагы супермаркеттердин биринин алдында топ балдар ызы-чуу салышкан. Бул окуя боюнча текшерүү иштери башталган. Алдын ала маалыматтар боюнча ызы-чуу ич ара пикир келишпестиктен улам келип чыккан.