Маевкада катталган жол кырсыктын видеосу социалдык тармактарда тарады. Күбөлөрдүн айтымында, кырсыктан 2 адам каза болгон.
Маалыматтарга караганда, Мерседес үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. ЖМКлар айдоочу ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкери экенин жазууда.
Окуя боюнча Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы, кырсык 5-июль күнү саат 22:00 чамасында Аламүдүн районундагы Маевка айылында катталганын, учурда тергөө жүрүп жатканын билдиришкен.
«Маевка айылында Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында унаа башкарып бара жатып, жол кырсыгына кабылган. Жол кырсыгынын кесепетинен көз жумгандар бар. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө»,- дешти.