7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин Улан Жапаров аттуу тууганы коррупцияга шектелип кармалды

883

Кармалган Улан Жапаров президент Садыр Жапаровдун тууганы экени тастыкталды. Бул боюнча өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирип, Улан Жапаров бажыдагы маселелерге байланыштуу коррупциялык схемаларга катышкан деп шектелип жатканын жазды.

“Муну билген соң президент Жапаров кылмышка шектүүлөргө бардык мыйзамдуу чараларды көрүүнү жеке өзү талап кылган. Бул окуя коррупцияга каршы күрөштө тандалма мамиле жок экенин дагы бир жолу көрсөтүп турат. Ар бир жаран анын үй-бүлөсүнө же башка байланышына карабастан, кылмыш же укук бузуу жасаган учурда мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Эгерде иш коррупцияга байланыштуу болсо, анда келтирилген зыяндын ордун милдеттүү түрдө толтурат. Бул мамлекет башчынын талабы”, — деди Эрбол Султанбаев.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

884