Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу тарткан «Акыркы көч» тасмасы Бангладеште өткөн «Dhaka International Film Festival» эл аралык кинофестивалында мыкты деп табылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Акыркы көч» тасмасы абройлуу «А» категориясындагы фестивалдын программасына киргизилген.
Кинофестиваль 1977-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул жылы онлайн режиминде өттү.
«Акырки көч» көркөм фильми (англисче аталышы — «The Road to Eden», орус тилине которулган — «Дорога в Эдем») Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясы жана «Билимкана» коомдук фондунун биргелешкен эмгеги болуп эсептелинет.
Фильмде Марат Алышпаев, Шайыргүл Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Үсөнова, Өмүрзак Токтомуратов роль жаратышкан.
