Финансы полициясы Россия Федерациясына авиабилеттердин баасынын негизсиз көтөрүлүп кетүү фактысы боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө ЭККМКнын кызматкерлери Бишкек шаарындагы авиакассалардын биринен Бишкек-Москва багыты боюнча 67 миң 800 сом суммасындагы авиабилетти текшерүүчү сатып алууну жүргүзүштү, анда учуунун наркы туроператор тарабынан жасалма жол менен көтөрүлгөндүгү аныкталды, ал жогорку суроо-талаптан пайдаланып, авиабилеттердин наркын мыйзамсыз жогорулаткан.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
