7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта элди алдап, 10 млн сомдон ашуун чыгым келтирген аял кармалды

524

 Сокулукта каржы пирамидасын уюштуруп, жабырлануучуларга 10 млн сомдон ашуун чыгым келтирген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, июндун аягында Сокулук райондук милициясына арыз менен Кун-Туу айылынын А.Ж. аттуу тургуну кайрылып, арызында ал А. аттуу аял Whatsapp мессенджеринде бир нече тайпаларды түзүп, “кыска аралыкта акча каражатын эки эсеге көбөйтүп берем” деп алдап, 187 миң сом акчасын котортуп алганын билдирип, чара көрүүнү суранган.

Аталган арыз Сокулук РИИБне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда А. аттуу аял Whatsapp мессенджеринде катышуучулары карапайым жана улуу курактагы адамдардан турган бир нече тайпаларды түзүп, аларга “кыска убакыттын ичинде акчаларын эки эсе көбөйтүп берем” деп алдоо жолу менен акчаларын котортуп алгандыгы аныкталды.

Учурда тергөө кызматына аталган аялга чара көрүү боюнча бир топ жарандардан арыздар түшүп, алдап алынган акча каражаты 10 млн сомдон ашык экени такталды.

Ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында А.аттуу аял 1985-жылы туулган Ж.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну экендиги аныкталып, кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Сокулук райондук сотунун чечими менен Ж.А. карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

«Эгер Ж.А. аттуу аялдын кыймыл-аракетинен жабыр тарткандар болсо, Сокулук райондук милициясына төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга болот: 03134 53380, 0706 360006, 0552360006 (Whatsapp), 0700343803», — деп белгилешти милициядан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

525