Самара облусундагы «Промсинтез» заводундагы жарылуудан алты адам көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Чапаевск шаарындагы «Промсинтез» заводунун цехинде оңдоо иштеринин жүрүшүндө жарылуу болгон. Кырсыктын кесепетинен 8 адам жабыркап, анын алтоо каза болгон.
Белгилей кетсек, «Промсинтез» Орусия жана КМШда өнөр жай жардыргыч заттарды негизги өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат.