Чаткал районунда 38 жаштагы жаранга сегиз жолу ок атылып, райондук ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу 7-каналга Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-июль күнү Чаткал районунун 30 жаштагы тургуну жанында алып жүргөн ок атуучу куралы менен 1985-жылы туулган Ж.С., аттуу жаранды бир нече жолу атып жиберген.
Бул окуя Чаткал РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.
Окуя болгон жерге милиция барып, кароо жүргүзүү учурунда бир даана ок жана гильзалар табылып алынган. Мындан сырткары, шектүү өз ыктыяры менен ок атуучу куралын тергөө-ыкчам тобуна өткөрүп берген.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесининин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.