7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр: Быйыл жол кырсыгы аз катталганы менен коопсуздук иштери солгун

371

ИИМдин онлайн чогулушунда ички иштер министри Улан Ниязбеков былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл жол кырсыктары аз катталды деп айтканыңар менен иш жүзүндө жарандардын коопсуздугун сактоо багытында уюштуруу иш-чаралары солгун деп, бир катар кемчиликтерди баса белгиледи. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, министр ошондой эле жол кырсыктарынын алдын алуу, түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана пропаганда-үгүттөө багытында ишти жогорулатуу тууралуу тапшырмаларды койду.


Жол унаа кырсыктарын алдын алуу боюнча бизде жер-жерлерде бардыгы болуп бир жуманын ичинде 14 миң 930 жол эрежесин бузган факты катталган. Анын ичинен автоунааны мас абалында айдаган 189 факты аныкталды жана 150 автоунаа атайын айып пул салуучу жайларга киргизилген. Ал эми жыл башынан баштап 35 миң 428 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, 477 мас айдоочуну кармалган. Бардыгы 1835 автоунаа токтотулду. Андан тышкары ушул күнгө чейин атайын “Я знаю ПДД” деген акция өткөрүлүүдө. Бирок ошого карабастан жол кырсыктарын алдын алуу боюнча бир катар иштерди аткаруу керек экендиги да эскертилди.


Чогулуштун жүрүшүндө жалпы Кыргыз Республикасынын аймагындагы кышкы аба ырайына байланыштуу жол коопсуздугун сактоо боюнча бардык иш-чараларды жогорку денгээлде өткөрүү багытында тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

372