7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Майлуу-Сууда үйүнө мыйзамсыз баңгизат сактап жүргөн жаран кармалды

225

Майлуу-Сууда баңгизат сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-январда Майлуу-Суу ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын (КМК) ыкчам өкүлү тарабынан “А” аттуу атуул баңгизатын мыйзамсыз сактап, колдонуп жүрөт деген маалымат алынган.


Аталган маалымат боюнча топтолгон материал ошол эле күнү Майлуу-Суу ШИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Майлуу-Суу ШИИБдин КМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, ошол эле күнү болжол менен саат 22:30 чамасында Майлуу-Суу шаарындагы кафелердин биринен Майлуу-Суу шаарынын тургуну 1967-ж.т. С.А. өзү кийип жүргөн кара түстөгү курткасынын оң чөнтөгүнөн 2 даана целлофанга оролгон өзгөчө кескин жыты бар, жашыл түстөгү затын мыйзамсыз сактап жүргөн жеринен кармалып, калыстардын катышуусунда акт түзүлүп алынган.


«С.А. өзү жашап жаткан үйүндө баңгизатын сактап жүрөт деген маалымат болгондуктан, үйүн тинтүүгө уруксат алынып, 2021-жылдын 20-январь күнү калыстардын катышуусунда кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда жалпы салмагы 715 грамм болгон жашыл түстөгү өзгөчө кескин жыты бар (марихуана) баңгизатына окшош затты мыйзамсыз сактап, колдонуп жүргөндүгү аныкталып, алынган заттарга тергөө кызматы тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен С.А.дан алынган зат “марихуана” баңгизаты экендиги такталган.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында С.А. 2 айлык мөөнөт менен камакка алынып, Майлуу-Суу ШИИБдин УКЖна киргизилген», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

226