7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев камалды

318

«Белизгейт» фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын УКМКнын мурдагы башчысы А.Сегизбаев кармалды.


А.Сегизбаев тууралуу социалдык тармактарда чыгарылган маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы төмөндөгүлөрдү билдирет.

2021-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Шыкмаматовду, А.Салянованы жана Ө.Текебаевди Кыргыз Республикасынын элинин алдында дискредитациялоо менен аларды кылмыш жасагандыгы жөнүндө атайылап айыптап, жаманатты кылгандыгы боюнча чара көрүү жөнүдөгү А.Шыкмаматовдун мурдагы арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен сотко чейинки өндүрүш иши катталган.


Тактап айтканда, «Белизгейт» деп аталган иши менен Кыргыз Республикасынын УКМКнын мурдагы төрагасы А.Сегизбаевдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы жана башка мыйзамсыз аракеттери боюнча кармалган.
Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы жана УКМК тарабынан аталган сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү алкагында А.Сегизбаевдин жогорудагы кылмышты жасагандыгы тууралуу жетиштүү далилдер топтолуп, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 98-бер. негизинде ал Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына кармалган.


Азыркы учурда, кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

319