7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте үч кыз жалгыз кызга кол салган (ВИДЕО)

510

Чүй менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде 3 кыз жалгыз кызга кол салган видео социалдык тармактарга 10-июлда тараган. Милиция учурда тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Бул факты Биринчи Май РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, жарандын денесинен алган жаракаттары «ден соолукка жеңил залал келтирүү» деп табылды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө мушташтын бардык катышуучулары аныкталып, алар райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилип, келүү убадасы менен бошотулган»,- деп билдиришти Биринчи Май РИИБден.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат, жыйынтыгында тиешеси бар адамдарга юридикалык баа берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

511