7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте “Борбор Азия-Европа Бирлиги” биринчи экономикалык форуму өтөт

254

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Равшан Сабиров үстүбүздөгү жылы Бишкек шаарында өтүүчү “Борбор Азия-Европа Бирлиги” биринчи экономикалык форумуна даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Равшан Сабировдун айтымында, ЕБ жана БА мамлекеттери ортосундагы жашыл экономикадагы өнөктөштүк үчүн жаңы платформанын ачылышы тууралуу кыргыз тараптын демилгеси бардык тараптар аркылуу колдоого алынды. Пландаштырылгандай, Форум Борбор Азия жана ЕБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн гана эмес, башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн кеңири чөйрөсүн чогултат. 

“Күтүлгөндөй, ЕБ жана БА экономикалык форумунун биринчи кеңешмеси 2021-жылдын июль айында Борбор Азия мамлекеттеринин премьер-министрлеринин, Европа институттарынын жетекчилигинин, ЕБ мүчө-мамлекеттердин жетекчилеринин, ошондой эле Борбор Азия жана ЕБ мамлекеттеринин бизнес-өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт. Форум жашыл экономиканы алга жылдыруу өнөктөштүгү алкагындагы трансчекаралык мүнөздөгү инновациялык, энергия жана ресурс үнөмдөөчү долбоорлорго өзгөчө көңүл бурат”, – деди вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу. 

Равшан Сабиров маалымдагандай, Европа бирлиги жашыл экономиканы өнүктүрүүгө 1.3 триллион евро бөлүүдө. ЕБ жана БА өнөктөштүгү бул жаатта континенттеги ресурсту үнөмдөө жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташтыкты чыңдоого умтулат.

“ЕБ жана БА экономикалык платформасы мүчө-өлкөлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарын чагылдырып, аны бириктирет деп эсептейбиз. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасы штаб-квартирасы Бишкек шаарында орун алган кызматташтык үчүн бирдиктүү башкаруу органы катары Мүчө-өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн катчылыгынын демилгесин көтөрүп чыкты”.

Белгиленгендей, форумдар ротациялык негизде Борбор Азиянын ар-кыл мамлекеттеринде өткөрүлөт. Равшан Сабиров Бишкек шаарында өтүүчү “Борбор Азия-Европа Бирлиги” биринчи экономикалык форумун өткөрүү үчүн аны өткөрүүгө даярдык көрүү жана жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүүнү, ал эми бардык мамлекеттик органдарга потенциалдуу өнөктөштөр менен иштеп чыгуу үчүн инвестицияларды жана Форумда бетачарды талап кылган тийиштүү долбоорлорду даярдоону тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

255