7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүй облустук ооруканасына Эрнст Акрамовдун ысымы берилди

983

Чүй облустук бириккен ооруканасына профессор Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Эрнст Хашимович Акрамовдун хирургиянын өнүгүшүнө таасирин тийгизген хирургиялык практиканы жана дарылоонун инновациялык ыкмаларын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жетишкендиктери белгиленди.

“Анын тажрыйбасы жана жөндөмү медициналык практикада кесипкөйлүктүн жана жогорку сапаттын үлгүсү боло алат», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, чечим министрлер кабинетинин алдындагы Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын чечиминин негизинде Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен кабыл алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

984