Шаардык бюджетке жердин ижара акысын төлөбөй жүргөн жаранды мэрия соттон утуп алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2018-жылы А.А. аттуу жаран менен Каралаев көчөсүндө аянты 1.384 чарчы метр жер тилкеси спорт аянтчасын долбоорлоо жана куруу үчүн 5 жылдык ижара келишими түзүлгөн.
Бирок шаардык бюджетке ижара төлөмдөрү түшкөн эмес, бүгүнкү күндө ижара төлөмдөрү боюнча карыз 2020-жылдын биринчи чейрегин эске алганда, 909 миң 267,22 сом жана айып пул 227 миң 316,8 сомду түзгөн. Карыздын жалпы суммасы 1 миллион 136 миң 584 сомду түзөт.
Келишимдин шарттары аткарылбагандыгына байланыштуу Жер ресурстары башкармалыгы Свердлов райондук сотуна доо арыз менен кайрылган. 2020-жылдын 18-январында сот шаардык бюджетке карызды төлөө боюнча шаардык муниципалитеттин пайдасына чечим чыгарды.
Урматтуу ижарачы ишкерлер! Муниципалдык жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысын убагында төлөп берүүңүздөрдү суранабыз.
Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгына (ЖРБ) кайрылсаңыздар болот: Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246, телефон: (0312) 45-42-73.