Ош шаардык соту блогер Улукбек Карыбек уулунун кармалышынын мыйзамдуулугун жана анын бөгөт чарасын карады.
Облустук соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, процесстин жүрүшүндө блогердин кармалышы мыйзамдуу деп табылган.
«Ош шаардык сотунун токтомунун негизинде Улукбек Карыбек уулу эч жакка кетпөө тил каты менен сот залынан бошотулду», – дешти облустук соттон.
Эскерте кетсек, 15-июлда блогер Улукбек Карыбек уулуна карата «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгондугу маалым болгон.